Талас: Шаардык кеңештин депутаттары "мэр отчет бербей жатат" деп нааразы
Маалыматка караганда, мэр 25-июнда шаардык кеңешке чакырылып, бирок келген эмес. Депутаттар муну менен "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам бузулуп жатканын айтышууда.
Аталган мыйзамдын 44-беренесине ылайык, мэр жарым жылда кеминде бир жолу аткарылган иштер, бюджет, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын сарпталышы, социалдык-экономикалык өнүктүрүү, консультациялык-укуктук жардамдар, калкты социалдык жактан коргоо программалары тууралуу жергиликтүү депутаттарга отчет берүүгө тийиш.
Шаардык кеңештин депутаттарынын нааразылыгы тууралуу мэр комментарий бере элек.
Айдарбек Жузупбеков Талас шаарынын мэринин кызматына 2017-жылы мартта шайланган. (AlS)