Орусияда токойдогу өрттүн аянты эки эсе арбыды
Иркутск облусунда тилсиз жоо каптаган аймак дээрлик үч эсе кеңейип, 11 миң гектарды түздү. Токойдогу өрт Хабаровск, Архангельск облусунда, Камчатка, Карелия аймагында, Алтай, Буриятия, Коми республикасында да катталды.
Ушул күндөрү 5,5 миң гектар аянттагы өрт өчүрүлдү. Ага 3 миңге чукул киши, 500дөй техника тартылды.
Өрткө байланыштуу Красноярск, Иркутск облустарында жана Якутия жана Тува республикасынын айрым райондорунда өзгөчө кырдаал режими кирди.