Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Өкмөт Кумтөргө байланыштуу жаңы келишимди карап жатат

Кыргызстандын өкмөтү Кумтөр кени боюнча жаңы келишимди карап жатат. Бул тууралуу спикер Дастанбек Жумабеков бүгүн парламенттин IV сессиясынын ишинин жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, өкмөт мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда, 2017-жылы күздө Кумтөрдү иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы менен түзүлгөн макулдашууну кайрадан кароодо: 


- Кумтөрдүн тагдыры боюнча өкмөттө жаңы келишим каралып жатат. Анын жыйынтыгы кандай болоорун айта албайм. Келишимдин Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине келишин күтүп жатабыз. Кумтөр менен Кыргызстандын ортосунда чечилбей келген көп маселе бар. Эң негизгиси - элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык келишим каралса керек. Экономикага, айрыкча экология үчүн төлөнүүчү төлөмдөрдүн суммасы көбөйүшү мүмкүн. 


14-июнда азыркы премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча соңку келишимде өкмөт макул болбогон маселелер бар экенин билдирген. Абылгазиев канадалык компаниянын жетекчиси менен жолукканын, анда 2017-жылы сентябрь айында кол коюлган келишимди жакшыртуу жөнүндө ойлор айтылганын кошумчалаган. Мурунку өкмөт түзгөн соңку келишим азырынча күчүнө кире элек. 


2017-жылдын 11-сентябрында өкмөт менен "Центерра Голд" компаниясынын ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол коюлган. Ага ылайык “Кумтөр” компаниясы “Калыбына келтирүү фондуна” жыл сайын 6 млн. доллар берээри айтылган. Келишимге коомчулукта нааразылык көп болуп, ага кол койгон мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сунуштар да көтөрүлгөн.


Андан бери Кумтөр алтын кенин сатып алууга кызыкчылыгы бар экенин Лондондо катталган “Чаарат Голд” компаниясы ("Chaarat Gold Holdings Limited") компаниясы жарыялаган. (NT)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus