Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды узартууну макулдашты

Орусияны Украинадагы агрессиясынан улам жазалаган экономикалык санкцияларды дагы алты айга узартууну Евробиримдиктин лидерлери Брюсселде өтүп жаткан саммитинде макулдашты.


Жыйында санкцияларды узартууга Европа Биримдигинин лидерлерин Германиянын канцлери Ангела Меркел, Франциянын мурдагы президенти Франсуа Олланд да чакырган.


Көбүнесе Орусиянын банк жана энергия тармагын бутага алган санкциялар алгач 2014-жылдын жайында Москва Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышындагы куралдуу тирешүүдө жикчилерди колдой баштагандан кийин киргизилген. Андан бери санкциялар алты ай сайын улам жаңы мөөнөткө узартылып келет.


Украинанын чыгышындагы чатакты жөнгө салыш үчүн Минск макулдашуусу түзүлгөн менен анын шарттарын азырынча тараптардын эч бири толук аткара элек. Кагылыштардан болсо азыркыга чейин 10300дөн ашуун киши кырылды. 


Евробиримдиктин лидерлери ошондой эле саммиттеги билдирүүсүндө Украинанын чыгышында 2014-жылы малайзиялык жүргүнчү учактын атып түшүрүлүшү боюнча БУУнун резолюциясын “толугу менен колдоду”. Анда 200дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган.


Буга байланыштуу иликтөөчүлөрдүн эл аралык тобу учакты атып түшүрүүдө орус армиясынын карамагындагы “Бук” ракеталык системасы колдонулган деген бүтүмгө келген. Орусия болсо бул тыянакты четке кагып жүрөт. 


Евробиримдик өз билдирүүсүндө Москваны жүргүнчү узактын атып түшүрүлүшү боюнча “жоопкерчиликти алууга, чындыкты жана адилеттикти орнотуш үчүн толук кызматташтыкка” чакырды. (UE)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus