Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Мелис Аспеков өзүн №31 колониядан жатак абакка которууну суранды

"Массалык башаламандык жана бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп айыпталган "Мекенчил" партиясынын мүчөсү Мелис Аспековдун абалы менен таанышып чыкканын Кыйноолорго каршы күрөш Улуттук борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, абактагы айрым адамдар тарабынан Аспековдун сабалганы ырас. Бирок ал колониянын шартына жана жетекчилигине нааразы эместигин айтып, арыз жазган эмес. Ошол эле учурда мөөнөтү келип калганын билдирип, өзүн жатак-абакка которууга жардамдашууну өтүнгөн:


- Мелис Аспековдун өмүрүнө кол салуу болгону тууралуу интернеттеги маалыматтардан кийин мен ал жаткан абакка барып, аны менен жолугуштум. Ал өзү менен кошо дагы бир соттолгон адамга эки соттолуучу кол салганын айтты.Чындыгында эле муштак болуп кеткен го дейм. Саламаттыгы жакшы эле экен. Ийин жагы бир аз көгөрүп калыптыр. Акырек тарабы бир аз тытылып калыптыр. Башы, кулактары шишип калыптыр. 


Сулаймановдун маалыматына караганда, Мелис Аспеков Жаза аткаруу кызматына караган №31 колонияга УКМКнын тергөө абагынан 23-июнда которулган.


Буга чейин айрым маалымат каражаттары Мелис Аспеков “Канат Исаевге каршы көрсөтмө бер" деп УКМКнын кызматкери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү коркутканын айтканын жазып чыгышкан. Парламент депутаттары бул маалыматтын чын-бышыгын тактоо үчүн Мелис Аспековго жолукканы барганда ал  УКМКнын тергөө абагында коркутуу болгонун ырастаганын билдиришкен.


Анын жатак абак тууралуу суранычы боюнча кат даярдалып, Жаза аткаруу кызматына жиберилет. Мелис Аспековго кол салуу болгону, анын сабалганы 28-июндун түнүндө кабарланган. 


Аспеков 2017-жылдын октябрында өткөн президенттик шайлоодон кийин Жогорку Кеңеш депутаты Канатбек Исаевге козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында кармалган.


УКМКнын Тергөө башкармалыгы Аспековго Кылмыш-жаза кодексинин 27-233-беренелеринин 1-бөлүгү ("Массалык башаламандыкка даярдык көрүү"), 27-295-беренелери ("Бийликти күч менен басып алууга даярдануу") боюнча кылмыш ишин козгоп, натыйжада ал бир жыл, жети айга соттолгон. Аспеков камактагы экс-депутат Садыр Жапаров кирген "Мекенчил" партиясынын мүчөсү. Ал отурган №31 колония Чүйдүн Молдовановка айылында жайгашкан. (NT)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus