Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Түркмөн бийлиги 40тан аша элек жарандардын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салды

Түркмөнстанда жарандардын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган чектөө 40 жашка чейин жогорулады. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Дашогуз облусундагы кабарчысы билдирди.


Анын айтымында, 25-июнда Дашогуз шаарынын миграциялык кызматы өлкөдөн чыгууну каалаган жарандарга тыюу салынган курак 30 жаштан 40 жашка чейин жогорулаганын билдирген.


Туристтик визага зарыл болгон уруксат кагаздарын алуу үчүн миграция кызматына кайрылган жергиликтүү тургундардын айтымында, чиновниктер «жогору жактан» курак боюнча жаңы чектөөлөр жөнүндө буйрук келгенин айтышып, маалымкат берүүдөн баш тартышкан.


«Тыюунун себептерин сураганыбызда облуста ишке жарамдуу эч ким жок калганын айтып, «силер кетип калсаңар ким иштейт?» деп жооп беришти», - деди 36 жаштагы жергиликтүү тургундардын бири.


Апрелдин ортосунда «Азаттыктын» түркмөн кызматы бийлик эл аралык каттамдарга 30га чыга элек жарандарды киргизбөөгө ниеттенип жатканын жазган. Буга чейин эл аралык каттамдардан аялдар дагы чыгарылып жатканы кабарланган.


Түркмөнстан бийлиги өлкөдөн чыгууда жарандар үчүн чектөөлөр бар экенин расмий жарыялаган эмес. Бул тууралуу маалыматтар мамлекеттик басылмаларда берилбейт.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus