Жумабеков: Он бештей депутат кызматтык батирде жашайт
- Жогорку Кеңештин иш башкармалыгына караштуу 30 батирлүү үй бар. Бүгүнкү күндө бул батирлерде он бешке жакын депутат жашайт. Алар аймактардан келген, Бишкекте турак жайы жок депутаттар. Мурда айыл өкмөт же мугалим болуп иштеп келген депутаттар бар. Ошолорго кызматтык үй берилип, колдонуп жатышат. Бул чындык. 2015-жылы биз токтом кабыл алып, автоунаадан жана бир жардамчыбыздан баш тартканбыз. Бирок кызматтык батирден баш тартуу болгон эмес. Ал токтомго кирген эмес.
Жогоргу Кеңештин алтынчы чакырылыштагы азыркы курамы 2015-жылдын күзүндө шайланган.
Үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө дээрлик бардык партиялар жеңилдиктерден баш тартууга убада беришкен. Бирок 2015-2016-жылдардагы талкууларда парламент депутаттар үчүн кызматтык батирлерден баш тартуу тууралуу мыйзам долбоорун колдогон эмес. (NT)