Футбол-2018: Бельгия – Англия 1:0
Акыркы топтук оюнда Бельгия менен Англиянын курама командалары туш келип, Бельгиянын оюнчулары күчтүүлүгүн көрсөтө алды. Жалпы эсеп 1:0 эсебинде жыйынтыкталып, Бельгия “G” тайпасында ишеничтүү биринчи орунду алса, Англия экинчи сапка жайгашты.
Ошондой эле “Н” тайпасында Колумбия жана Жапония өлкөлөрү чемпионатта жүрүшүн улантат. Ал эми Сенегал жана Польша үчүн чемпионат аяктады.
Бүгүн 29-июнда командалар эс алат жана 1/8 финалдык оюндар эртеңден тарта ойноло баштайт. (SDz)