ЖК спикери парламенттин иши тууралуу маалымат берет
Парламенттин маалымат кызматынын кабарлашынча, Жумабеков 28-июнда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин IV сессиясын жыйынтыктап жатып, өлкөнүн мыйзамдык базасын чыӊдоого жана өркүндөтүү максатында иштелип чыккан бир катар өтө маанилүү мыйзамдар, токтомдор, чечимдер кабыл алынганын белгиледи. Аны менен катар бул парламент ишинде жогорку кесипкөйлүктү көргөздү деп баа берген.
Эл өкүлдөрү кийинки сессияга ушуну менен күзүндө чогулушат.
Жогорку Кеӊештин Регламентине ылайык, кыргыз парламентинин депутаттары 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен иш алып барышат. Ал эми август айында эмгек өргүүсүндө болушмакчы. (КЕ)