Бишкек мэриясы көр сатуу фактысы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат
- Буга чейин бүт бардык айтылган маалымат, фактыларды топтоп, ушул бөлүмгө жөнөткөнбүз. Учурда териштирип жатат. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен чечим чыгарат. Экинчиден, архитектура жана жер ресурстарын башкаруу башкармалыгы көрүстөндү тактап, инвентаризация кылып чыгат.
Исаковдун белгилешинче, маркумду акыркы сапарга узатуу, сөөк коюудагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча коммуналдык турак жай чарбасына тапшырма берилди.
Жакында “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү Бишкектин түштүк-батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык схемаларды иликтеген. Иликтөөнүн жүрүшүндө кабырлар көзү тирүү адамдарга да алдын ала сатылып кеткени белгилүү болгон. (КЕ)