Кыргызстанда үч айда 184 бала асыроого берилген
Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин адиси Адилет Кудайбердиева “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, учурда бала багып алуу үчүн 213 адам кезекте турат.
- Негизинен биздин жарандар беш жашка чейин балдарды багып алууну каалашат. Азыр ден соолугуна байланыштуу медициналык жактан коррекция бериле турган балдарды да багып алгандар болуп жатат. Тилекке каршы маалыматтык базада ата-энеси баш тарткан, ден соолугу начар балдар көп.
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча былтыр 718 баланы кыргызстандык жарандар, 12 баланы чет өлкөлүктөр багып алган. Акыркы алты жылда 6 миң 713 бала асыроого берилген.
Укук коргоочулар акыркы жылдары Кыргызстанда жергиликтүү бала асыроочуларга артыкчылык берген саясат чет өлкөлүктөргө асыроого бала берүү системасын татаалдаштырганын айтып жүрүшөт. Алар талап катуулаганы менен оор операцияга, дарылоого муктаж жетим балдардын көбүн жергиликтүү тургундар эмес, чет элдиктер гана багып алышарын белгилешет. (КЕ)