Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, 7-июнда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаевге “Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесин биринчи бөлүгүнө ылайык айып тагылды.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Артыкбаевдин бөгөт чарасын карап, аны тергөө иштери аяктаганга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Тергөө жүрүп жатканы кабарланды.
Осмонбек Артыкбаевди УКМК 5-июнда суракка чакырып, аталган кылмыш ишине шектүү катары камакка алган. Ошол күнү Башкы прокуратура депутатка карата “Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгогон.
Башкы көзөмөл органы Артыкбаевди 2013-жылы энергетика министри болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы менен Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга модернизациялоо тууралуу "Кыргызстанга ыңгайсыз шарттагы келишим түзгөн" деп айыптап жатат. (NT)