Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Тажикстандын чек ара кызматы Кыргызстандан кечирим сураганын төгүндөдү

Тажикстандын Чек ара аскерлеринин башкы башкармалыгы алардын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин жана кыргыз чек арачыларынан кечирим сураганын четке какты. Бул тууралуу билдирүүнү коңшу өлкөнүн чек ара кызматынын басма сөз катчысы Мухаммаджон Улугходжаев таратты.


Ал чек аралаш айылдардагы тургундардын документтерин тажик чек арачылары текшерүүгө алганы тууралуу кабар чындыкка төп келбей турганын айтты.


“Биздин чек арачылар чектеш аймакка киргени тууралуу сөз – жалган, алар талаштуу тилкеде турушкан. Кыргыз чек арачылары чатак чыгаргысы келген, бирок чыр ошол эле жерде жайгарылган”, - деп билдирди Мухаммаджон Улугходжаев “Азаттыктын” тажик кызматына маалымат берип.


Улугходжаев ошондой эле Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан, "тажик чек арачылары кыргыз тараптан окуя үчүн кечирим сурады" деген кабарды да четке какты.


12-май күнү Баткен облусунда Тажикстандын аскер кызматкерлери менен кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Ошол эле күнү Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү окуя Лейлек районунда болгонун, автоунаа минген тажикстандык төрт аскер Кыргызстандын аймагына 50 метрдей кирип келип, тургундардын документтерин текшерүүгө алганын кабарлаган. Тургундар буга нааразы болуп, алардын машинесинин ачкычын алып коюшкан. Окуя болгон жерге Кыргызстандын аскер жана күч органдарынын кызматкерлери барып, жаңжалды басышкан.


Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, эки өлкөнүн тийиштүү аскер адамдары маселени талкуулап, тажик тарап кечирим сураган. Тажик тарап жаңы келген жоокерлер байкабай коңшу өлкөгө кирип кетишкенин айтышкан.


Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева 15-майда да “Азаттыкка” комментарий берип, алар дагы эле жогорудагы позицияда турганын ырастады. Ал Лейлек райондук күч органдары тактоо иштери үчүн тажик аскерлери минип келген автоунааны алып кетишкенин, окуя иликтенип жатканын кошумчалады. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus