АКШда Мелания Трампка операция жасалды
Залалсыз шишикти алуу боюнча операция Мэриленд штатындагы Уолтер Рид атындагы аскердик-медициналык борбордо ийгиликтүү өткөнү кабарланды. Дарыгерлердин айтымында, биринчи айымдын абалы жакшы жана ал ооруканда бир жумадай жатат.
Президент Трамп бул маалда Ак үйдө болду. Соңку отуз жыл ичинде АКШнын биринчи айымдарынын бирине да мындай олуттуу операция жасалган эмес. 1987-жылы Нэнси Рейган мазэктомия болуп, эмчек бездерин алдырган.