Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Педагог-илимпоздун 80 жылдыгына арналган кереге кеңеш өтүп жатат

Бүгүн (б.а. бугу (май) айынын 15инде) Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) тарых жана чөлкөм таануу факультетиндеги музейде таанымал илимпоз жана педагог Бейше Үрстөнбековдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий кереге кеңеш (тегерек үстөл баарлашуусу)  жана анын өмүр жолу чагылдырылган “Ак эмгекке байланган өмүр” аттуу жыйнактын бет ачары өткөрүлүүдө.


Тарых илимдеринин кандидаты, КУУнун доценти Бейше Үрстөнбеков (эмгектеринде: Бейше Урстанбеков; 1938—1991) — кыргыздын белгилүү тарыхчысы, педагогу, археология сабагы боюнча дарс окуган адис, өлкөдөгү кесиптик-техникалык билим берүү тармагынын тарыхын иликтөөчү, энциклопедиялык ж.б. сөздүктөрдү түзүүчү катары элдин эсинде калды.


Ал 1938-жылдын 16-майында азыркы Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Арал кыштагында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.


1967-69-жж. — Ош педагогикалык институтунда (азыркы ОшМУда) окутуучу, андан соң 1969-жылдан өмүрүнүн акырына чейин КУУда окутуучу, ага окутуучу жана доцент болуп иштеген. 




Б.Үрстөнбеков “Археология терминдеринин орусча-кыргызча сөздүгү” (1979), “Археология терминдеринин орусча-кыргызча сөздүк-справочниги” (1985), “Кыргыз ССРинде өнүккөн социализмдин тушунда кесиптик-техникалык билим берүүнүн өнүгүшү (1959-1970-жж.)” (1981), “Коло доору” (1986), жана СССРдин “Кайра куруулар” доорунда Т.Чоротегин менен калемдешип жазган “Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк” эмгегин (1990) ж.б. чыгармаларды жарыялаган.


Илимпоздун ысымы өзү туулуп-өскөн Арал айылындагы орто мектепке ыйгарылган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus