Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Караколдо жолду оңдоого байланыштуу кылмыш иши козголду

Каракол шаарындагы №35 жол иштетүү башкармалыгынын (ЖИБ) жооптуу кызматкерлери жолду оңдоого бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз иштетип жибергени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Анда айтылгандай, Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу бул Караколдогу ишкана 2017-жылы шаардагы көчөлөрдүн бирин оңдоого мамлекеттик бюджеттин эсебинен 25 млн. 299 миң сомдук тендер жарыялаган. Анын жыйынтыгында сынак комиссиясы эң аз, 20 млн. 877 миң сомдук кызмат сунуш кылган “З.П.” жоопкерчилиги чектелген коомун жеңүүчү деп тапкан. Натыйжада ал фирма менен №35 ЖИБдин ортосунда келишим түзүлгөн. Бирок иш баштала электе баштапкы сумма катары беш млн. сом курулуш фирмасынын эсебине мыйзамсыз которулган.


Текшерүү учурунда “З.П.” ЖЧКсы келишимде көрсөтүлгөн асфальттоо иштерин бүтүрбөй, арыктарды, түтүктөрдү, тротуарларды койбой койгону аныкталды. Натыйжада мамлекетке 5 млн. сом зыян келтирилген.


Факт боюнча Транспорттук прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 306-беренеси ("Өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу") жана 221 ("Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабышы") боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө уланууда. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus