Педагог-илимпоздун 80 жылдыгына арналган кереге кеңеш
Тарых илимдеринин кандидаты, КУУнун доценти Бейше Үрстөнбеков (эмгектеринде: Бейше Урстанбеков; 1938—1991) — кыргыздын белгилүү тарыхчысы, педагогу, археология сабагы боюнча дарстар окуган адис, өлкөдөгү кесиптик-техникалык билим берүү тармагынын тарыхынын иликтөөчүсү, энциклопедиялык ж.б. сөздүктөрдү түзүүчү катары эл эсинде калды.
Ал 1938-жылдын 16-майында азыркы Жалал-Абат облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Арал кыштагында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
1967-69-жж. — Ош педагогикалык институтунда (азыркы ОшМУда) окутуучу, андан соң 1969-жылдан өмүрүнүн акырына чейин КУУда окутуучу, ага окутуучу жана доцент болуп иштеген.
Б.Үрстөнбеков “Археология терминдеринин орусча-кыргызча сөздүгү” (1979), “Археология терминдеринин орусча-кыргызча сөздүк-справочниги” (1985), “Кыргыз ССРинде өнүккөн социализмдин тушунда кесиптик-техникалык билим берүүнүн өнүгүшү (1959-1970-жж.)” (1981), “Коло доору” (1986), жана СССРдин “Кайра куруулар” доорунда Т.Чоротегин менен калемдешип жазган “Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк” эмгегин (1990) ж.б. чыгармаларды жарыялаган.
Илимпоздун ысымы өзү туулуп-өскөн Арал айылындагы орто мектепке ыйгарылган.