Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты, Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы да бар экени ырасталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандан алынган расмий маалыматка таянып кабарлады.