Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты, Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы да бар экенин тастыктаган документ келсе анын мандаты алынат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов “Азаттыкка” билдирди:
- Башка мамлекеттин жарандыгын алганын биздин мамлекеттик органдар билбей калышы мүмкүн. Мисалы Орусияда биздин 400 миңдей мигрант жарандык алып алышкан. Ошолордун көбү, маселен, биздин да жарандыктан чыкпай, кош жарандуулукта жүрө беришет. Бул да ошондой болуп калышы мүмкүн. Биринчи кезекте ал өзү жарандыгын жашырган адам катары кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Эгерде Дамирбек Асылбек уулунун башка мамлекеттин жарандыгы бар экенин тастыктаган документтер келсе, анын мандаты алынат. Конституциялык мыйзамдын 65-беренесинде депутаттын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча негиздердин ичинде ушул да бар.
Дамирбек Асылбек уулунун казак жарандыгы да бар экени ырастаган нотаны Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн эртең менен Бишкекке жөнөткөн.
Кыргызстандын мыйзамдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болом дегендерге башка өлкөнүн да жараны болууга уруксат жок.
Дамирбек Асылбек уулу жана Кыргызстандын дагы эки жараны Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадилов Казакстанда 17-февралда аткезчиликке шектүү катары кармалган. Алар Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик иш милдеттерин аткарууга ыйгарым укук алган адам тарабынан ири өлчөмдө товарлардын жана башка буюмдардын алынып өтүшү"), 264-беренеси ("Трансулуттук кылмыш тобуна катышуу") менен айыпталып, эки айга камакка алынган. (ErN)