Баткендин Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылында Кургак учукка каршы оорукананын короосундагы көп жылдык дарактар четинен кыйылууда.
Бул маалыматты "Азаттык" радиосуна аталган оорукананын бөлүм башчысы Абдумомун Ахынов тастыктады. Анын айтымында, Кызыл китепке киргизилген жапон жаңгагы, каштан, дуб сыяктуу 215 түп көп жылдык чоң дарак кыйылып кетти.
Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Махмуд Токторов бак кыйылган жер участогу мурда ошол ооруканада иштеген кызматкерлердин балдарына таандык экенин айтты. Анын белгилешинче, кыюу иштери Экотехинспекциянын уруксаты менен жүргүзүлгөн.
Кургак учукка чалдыккандарды дарылоочу оорукана 1961-жылы ачылган. Союз учурунда анда бир эле учурда 250дөй адам дарыланчу. Жалпысынан 17 гектар жерди ээлеп турган мекемеде 22 имарат курулуп, короосуна сейрек кездешүүчү дарактардын 100дөн ашык түрү эгилген.
Кийин 17 гектардын дарылоо имаратттары жайгашкан 7 гектары калып, калганы (доктурлар жашаган коттеждер, мейманкана, кошумча жайлар) кызматкерлердин балдарына жеке менчикке жер тилкелери түрүндө өткөрүлүп берилген.
Учурда ооруканада 30дай бейтап дарыланууда. (YI)