Кыргызстанда жашоо оңолуп, жашоочулардын акчасы көбөйүп жатканы үчүн алар аймактардан Бишкек шаарына көчүп келип жатышат. Мындай пикирин бүгүн өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында айтты:
- Бүгүнкү күндө борбор шаарда миллион адам жашайт. Бул абдан чоң көрсөткүч. Кийинки жылдары ири урбанизация болду, биздин аймактардан көп адамдар Бишкекке көчүп келишти. Бул Кыргызстанда жашоо оңолуп баратканынын белгиси. Адамдар акча таап, борбор шаардан квартира, кыймылсыз мүлк, жер участогун сатып алып Бишкекте жашап жатышат.
Премьер-министр ошондой эле Бишкек шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү, жашылдандыруу жана таза, кооз калаага айлантуу аракеттери жүрүп жатканын айтып, бул үчүн мэр Албек Ибраимовго ыраазычылык билдирди. Исаков борбор шаар “бишкектиктердин көз алдында өзгөрүп жатканын” айтты.
Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында бүгүн 2017-жылдагы социалдык-экономикалык жыйынтыктар талкууланууда.
Бишкек шаарында жана анын чет-жакасындагы кыштактарда миллионго жакын жашоочу бар экени буга чейин эле айтылып келген. Алар негизинен аймактарда жумуш жоктугунан улам борборго иш издеп келгенин адистер белгилешчү. (ErN)