Азия өнүктүрүү банкы эч качан Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунун реконструкциясын баалоого катышкан эмес. Бул тууралуу ушул банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.
"АӨБдүн саясаты көмүр колдонуучу долбоорлорго каршы. Слайд мурдагы Энергетика жана өнөр жай министрлиги даярдаган бет ачардан кесилип алынган. Бул материалдар 2013-жылдын ноябрындагы семинар үчүн маалымат катары сайтка жарыяланган. Семинар билим берүү жана энергетика тармагындагы башкарууну баалоого жана ага мониторинг жүргүзүүгө багытталган. Аталган слайд 2013-2017-жылдардагы Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын алкагындагы энергетикалык долбоорлорго арналган" деп кошумчалады Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Бишкек жылуулук электр борборун модернизация кылууга байланышкан, Азия өнүктүрүү банкынын расмий сайтынан алынган маалымат катары тараган скриншот Кыргызстандагы Интернет коомчулугунда кызуу талкууланып жатат. Анда Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоонун баасы 150 млн. долларга бааланганы көрсөтүлгөн.
Сөз болуп жаткан слайдды барактап көргөндө ЖЭБди жаңылоонун суммасы бир жеринде 150 млн. доллар, башка жеринде расмий келишимдегидей эле 386 млн. доллар деп жазылганын көрүүгө болот.
Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү бул боюнча түшүндүрмө бере элек.
Бишкек Жылуулук электр борборун 2014-2017-жылдары Кытай мамлекетинин насыясына кытайлык TBEA компаниясы модернизация кылган. Анын жалпы суммасы келишимде 386 млн. доллар деп бааланган.
(ZB/NT)