Жекшембинин түнүндө АКШнын Миннеаполис шаарында "Супербоул" же америкалык футболдун финалы өтүп, анда «Филадельфия Иглз» ("Philadelphia Eagles") командасы биринчи жолу чемпион аталды. Бул команда беш жолку чемпион "Нью-Ингленд Пэтриотс" ("New England Patriots") командасын 41-33 эсебинде утуп алды. «Филадельфия Иглздин» оюнчусу Ник Фолз "мыкты оюнчу" болуп калды.
"Супербоул" - АКШнын эң башкы спорттук иш-чарасы. Быйыл түз эфирде көрсөтүлгөн оюнду 160 миллиондон ашуун адам көрдү. Оюндардын ортосундагы тыныгуу маалында Американын эң алдыңкы аткаруучулары күйөрмандарга ыр-күү тартуулап турушту.
«Филадельфия Иглз» буга чейин 1981-, 2005-жылдары финалга чыккан. Бирок чемпиондукка жеткен эмес.