Түп районунун администрация башчысы, аким Советбек Исмаилов өткөн жумада кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Бул маалыматты район башчысы "Азаттыкка" өзү ырастады. Анын айтымында, үй-бүлөлүк абалынан улам кызматтан кетүү чечимин кабыл алган.
Исмаилов учурда өз ишин аткарууну улантууда. Анын арызы 14 күндүн ичинде каралышы керек.
Облустук жетекчилик да Исмаиловдун өз каалоосу менен арыз жазганын ырастады.
Советбек Исмаилов Түп районунун акими болуп 2016-жылдан тарта иштеп келген. (AsM)