“Казак президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн расмий сапар менен Вашингтонго барды”, - деп кабарлады Ак Ордонун басма сөз кызматы.
Сапар алкагында Назарбаев АКШ президенти Дональд Трамп, расмий өкүлдөр жана ишкер топ менен жолугушат. Муну менен катар Назарбаев БУУнун Коопсуздук кеңшинин жыйынына катышат. Буга чейин Ак Үйдүн маалымат кызматы эки президент аймактык коопсуздук, экономикалык маселелер менен бирге АКШ-Казакстан карым-катнашын, Ооганстандагы жагдайды талкуулашарын жазган. Бул казак президенти Назарбаевдин АКШга жетинчи визити. Ал Кошмо штаттарда 16-18-январь күндөрү болот.
- Президент акыркы 10 жылда АКШда бир нече жолу болгон, бирок алар расмий эмес иш сапарлар болчу. Бул визит эки тараптуу байланышты кеңейтүү, соода-экономикалык, инвестициялык жана инновациялык-технологиялык өнөктүктү тереңдетүү жагынан маанилүү саясий сигнал деп таанылды, – деп билдирген Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Талгат Жумагулов.
АКШ 2005-жылдан бери Казакстанга 30 млрд доллар инвестиция салган. Учурда бул өлкөдө 500дөй америкалык компания ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Ал эми Казакстан менен соода-сатык жүргүзгөн өлкөлөрдүн ичинен АКШ 9-орунда турат. 2017-жылы эки өлкөн соода жүгүртүүсү 1,3 млрд долларды түзгөн. (KE)