Мы в Telegram
Добавить новость

Дептранс: Горожане могут отправиться в поездку с пяти современных московских автовокзалов

В парках Подмосковья побывало более 2,1 млн человек за неделю

В Москве после ремонта открыли приемное отделение детской Морозовской больницы

В Пущине объявлен конкурс на выполнение работ по благоустройству дворовых территорий



Новости пользователей сайта


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Рейдерский захват частной собственности 85-летней старушки в Оше со стороны стоматолога Алияра Байоглиева

Рейдерский захват частной собственности 85-летней старушки в Оше со стороны стоматолога Алияра Байоглиева

Кыргыз Республикасынын Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

 

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

жардам бериңиз, чоң энеге рейдер кол салган!

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Ишкаван айылынын жашоочуусу 1987 ж. т. жеке стоматолог Байоглиев Алиёр Исабекович (тел.0555 080872) Кара-Суу райондук сотунун судьясы менен алдын ала сүйлөшүп, сот билип туруп сот адилеттигине жатпаган мыйзамсыз  чечимди чыгарткан (КР КЖК 352 бер. 1 бөл.). Ал чечим менен А. Байоглиев бизди өз үйүбүздөн мыйзамсыз чыгарып салууну көздөп жатат.

Мурда А. Байоглиев жеке мүлкүмдү рейдерлик жолу менен ээлеп алуу (КР КЖК 226 бер) максатында каза болгон күйөө балам А. Сайфитдиновдун ишенимине кирип, Алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу максатында (КР КЖК 209 бер. 4 бөл, 1 п.) А.Сайфитдиновго 4 миң доллар акча берип, Сураташ айылындагы жеке үйүмдү күрөө катары өзүнүн атына каттатып алган. Үйдү убактылуу күрөөгө коюп жатканда, 4 миң долларды кайтарып бергенибизде, Байоглиев үйдү кайтарып берүүнү убада берген. Байоглиев бизди мыйзамдарды билбегенибизден жана жөнөкөйлүгүбүздөн пайдаланып, алды-сатты келишимин тузуп алат жана алдамчылык жолу менен М. Хайдаровадан тил кат алууга жетишет.

А. Байоглиев мыйзамсыз аракеттери менен Ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу же коротуу максатында жеке мүлкүмдү мыйзамсыз ээлеп алган (КР КЖК 210 бер. 4 бөл. 1 п.).

А. Байоглиев бардык жалган көрсөтмөлөрүндө жана арыздарында Сураташ айылындагы жеке үйүмдү 18 миң доллар акча төлөп Хайдарова Махидилдан сатып алганмын жана ага 18 миң доллар акча төлөгөнмүн, Хайдарова Махидил мага 18 миң доллар алдым деген тил кат жазып берген дегени жалган. Себеби, Хайдарова Махидил Байоглиевге үйүн саткан эмес жана 1 сом Байоглиевден алган эмес. Биздин суранычыбыз менен М. Хайдарова убактылуу күрөөгө коюу үчүн гана үйүбүздү Байоглиевке убактылуу өткөрүп турган. А. Байоглиев үйүмдү рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээлеп алуу максатында жарандык иш боюнча далилдерди, атап айтканда Хайдарова Махидилдин тил катын бурмалоо менен жалган далил жана маалыматтарды сотко берген (КР КЖК 361 бер. 1 бөл.).

А. Байоглиев А.Сайфитдиновдун ишенимине кирип, 4 миң доллар акча берип, Сураташ айылындагы жеке үйүмдү күрөө катары өзүнүн атына каттатып алган. 4 миң доллар акчаны кайтаргандан кийин, ал үйдү А. Байоглиев кайтарып берүүнү убада кылган. Ошон үчүн М. Хайдарова А. Байоглиевди алдамчылыгын билбей, бир сом акча албаса дагы тил кат жазып берген.

Россияда иштеп келген А. Сайфитдинов А. Байоглиевке 4 миң доллар акчасын кайтарып берип, үйдү кайтарып берүүнү талап кылса, А. Байоглиев убадасын аткаруудан баш тартып, сот менен алдын ала сүйлөшүп, мыйзамсыз сот токтомун чыгарып, жеке үйүмдүн мыйзамдуу ээси болуу үчүн жана мени ал үйдөн чыгаруу үчүн мыйзамсыз чечим чыгарууну көздөп жатат.

Үйду алды-сатты келишимин жокко чыгаруу үчүн сотко доо арыз менен кайрылсак, Кара-Суу райондук сотунун соту С. Ниязалиев эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен деген негизсиз жүйө менен мыйзамсыз аныктама чыгарып, ишти маңызы менен караган эмес. Натыйжада 85 жаштагы оорукчан кемпир кышта суукта көчөдө калып, өлүп кетуу коркунучууда. Бирок, адам өлсө дагы өзүнүн рейдерлик аракеттерин токтотпогон Байоглиев кандай дарыгер, ЖОЖдо аны ошого окутушканбы? Ага ким ошондой тарбия берген?-деген суроолор элибиздин тынчын алып жатат.

Байоглиев убактылуу күрөөгө коюлган үйдү кайтарбай, алдамчылык жолу менен 4 миң доллар берип, 60 миң долларлык үйдү сот аркылуу рейдерлик жол менен үйдү ээлеп алмакчы болгон мыйзамсыз аракеттерине, акыйкатсыздыгына жана А. Байоглиевдин алдамчылыгына чыдабаган А. Сайфитдинов өзүн-өзү асып өлүп калган. А. Байоглиевдин мыйзамсыз аракеттери күнөөлүү А. Байоглиевке материалдык же башка жагынан (алдамчылык жолу менен үйүн өз атына каттатып алган) көз каранды болгон Сайфитдиновду өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген (КЖК 128 бер. 2 бөл.)

КР Конституциясынын 45, 15 бер. ылайык Ар бир адам турак жайлуу болууга укуктуу. Менчик кол тийгис. Бирок, карапайым элди жөнөкөйлүгүнан пайдаланып, биздин мүлктү рейдерлик жол менен ээлеп, мыйзамсыз байыган жана конституциялык укугумду одоно бузган Байоглиев эмнеге аны билбейт, ал жогорку окуу жайда окуган болсо? Же окубай акчасы окуганбы?.. Анда аны КР Саламаттык сактоо министрлиги кызматтык аттестациядан жана тестирлөөдөн өткөрүп билим деңгээлин текшеруусу зарыл. Себеби ЖОЖ диплому бар, бирок билими жокторду УКМК аныктап жатпайбы. Мындай рейдерлик жол менен сот аркылуу башкалардын мүлктөрун дагы ээлеп алган болушу мүмкүн, ошону тергөө органдары аныктап, элге келтирген зыянды ага төлөтүшү керек.

Ошондой эле, А. Байоглиев ооруканада тыш дарыгери болуп иштесе, анда ал жана анын карындаштары ар жылы салык декларациясын милдеттү түрдө тапшырып, ал декларацияда мүлктөрүн жана кирешелерин ачыктап жазышы керек эле. Бирок, А. Байоглиевдин сөзү туура болсо 18 миң долларды кайсы декларацияда көрсөткөн (КР КЖК 242 бер. 2 бөл)? Андан сырткары, Сураташ айылында 6 сотик жер тилкенин базар баасы 30 миң доллар, кичине үйлөр 60 миң доллар болсо, ага кайсы келесоо үйдү 18 миң долларга сатат? Факт жүзүндө алдамчы А. Байоглиев 4 миң доллар гана берип, 60 миң долларлык үйүмдү рейдерлик жол менен ээлеп алмакчы. Бул дагы салык төлөбөй, мамлекет жана карапайым эл эсебинен мыйзамсыз байыган А. Байоглиевдин алдамчылыгын жана рейдерлигин тастыктап турат.

КР Жарандык кодексинин 185 бер. ылайык Мыйзамдын талаптарына ылайык келбеген бүтүм эч нерсеге татыбас бүтүм болуп саналат. КР Жарандык кодексинин 187 бер. ылайык. Коомдук жана мамлекеттик таламдарга алдын ала карама-каршылык келтирүү максатында жасалган бүтүм эч нерсеге татыбас бүтүм болуп саналат.

А. Байоглиевдин рейдер-алдамчылыгы биздин үй-бүлөөгө өлүм жана чоң материалдык зыян келтирди. Бирок, укук коргоо органдары ушул күнгө чейин А. Байоглиевдин мыйзамсыз аракеттерине укуктук баа бербей, аны кылмыш жоопкерчилигине тартпай, камабай жатат (КР КЖК 358 бер.). Натыйжада кылмыш жоопкерчилигине тартылбай, камалбай, эркиндикте тайрандап жүргөн А. Байоглиев менин мүлкүмду рейдерлик жол менен ээлеп алмакчы.

А. Байоглиевдин мыйзамсыз аракеттеринде жеке мүлкүмдү рейдерлик жолу менен ээлеп алуу КР КЖК 226 бер. менен, Ишенимине кирип, алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу КР КЖК 209 бер. 4 бөл, 1 п. менен, Ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу же коротуу максатында жеке мүлкүмдү мыйзамсыз ээлеп алганы боюнча КР КЖК 210 бер. 4 бөл. 1 п. менен, Жарандык иш боюнча далилдерди бурмалоосу боюнча КР КЖК 361 бер. 1 бөл. менен, Күнөөлүүгө материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткиргени боюнча КР КЖК 128 бер. 2 бөл. менен, Декларация берүү милдеттүү болуп саналган учурларда кирешелер жөнүндө декларацияны бербөө жолу менен же болбосо бюджетке салыктарды жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү кошуп эсептөө же төлөө менен байланышкан башка документтерге кирешелер же чыгашалар жөнүндө же болбосо салык салынууга тийиш болгон мүлк жөнүндө бурмаланган маалыматтарды билип туруп киргизүү жолу менен бюджетке салык жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качууда, жана бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү өзгөчө ири өлчөмдө төлөбөөгө алып келсе КР КЖК 242 бер. 2 бөл. менен квалификацияланат жана мыйзамсыз аракеттерин курамында кылмыш белгилери бар.

Соттун мыйзамсыз аракетинде сот билип туруп сот адилеттигине жатпаган мыйзамсыз  чечимди чыгарганы боюнча КР КЖК 352 бер. 1 бөл. менен квалификацияланат жана мыйзамсыз аракеттерин курамында кылмыш белгилери бар. Жогоркулардын негизинде Сизден суранам:

1. А. Байоглиевди КР КЖК 226 бер., 209 бер. 4 бөл, 1 п., 210 бер. 4 бөл. 1 п., 361 бер. 1 бөл., 128 бер. 2 бөл., 242 бер. 2 бөл. менен кылмыш жоопкерчилигине тартып, тезинен камап, алдамчы-рейдер Байоглиевден менин жеке мүлкүмдү кайтарып, мага келтирген материалдык жана моралдык зыянды өндүрүп берүүнүздү.

2. Мыйзамсыз сот чечимдерин чыгарган сотту КР КЖК 352 бер. 1 бөл. кылмыш жоопкерчилигине тартып, Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына ал сотту иштен алуу үчүн сунуш берүүнүздү.

3. КР Саламаттык сактоо министрлиги А. Байоглиевди кызматтык аттестациядан жана тестирлөөдөн өткөрүп билим деңгээлин текшеруусу боюнча тапшырма берүүнүздү.

4. Рейдерлик менен сот аркылуу башкалардын мүлктөрун дагы ээлеп алган болушу мүмкүн, ошону аныктап, элге келтирген зыянды төлөтүүнү тергөө органдарына тапшырма берүүнүздү

 

Байоглиевдин курманы, 85 жаштагы майып Х. Турсинова, 22.09.2022 ж.

 

Р.S. Эгерде мен менен, менин үй-бүлөөм менен, менин жеке мүлкүм менен бир нерсе болсо, күнөлүү катары рейдер-алдамчы А. Байоглиевди жана ал менен байланышы бар болушу мүмкүн сотту эсептөөнүздү суранам

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Вооружённые мигранты пошли толпой на Кремль: "Свадебный подарок" может стать ключом к многолетней проблеме

Доллар дорожает третий день подряд утром 11 июня на белорусской бирже

Тульская область получит более 18,4 миллионов рублей на обеспечение льготников лекарствами

Почти 40 тысяч жителей Подмосковья стали донорами крови с начала года

Музыкальные новости

Банковскую карту с AI-дизайном из Сибири начали оформлять в павильоне Сбера на ВДНХ

«Газпром-Медиа Холдинг» при поддержке ПАО «Газпром» организует мультиформатный фестиваль в честь Дня России  

Баскетбол. Чемпионат области. Б/К «Волгодонск» -Б/К «Сальск» 95: 90

В Санкт-Петербурге прошел Кубок ПМЭФ по конкуру

Новости России

Прогресс по проекту Амурского ГХК на конец мая 2024 г. превысил 49%

80 яхтсменов со всей России примут участие в регате на Псковском озере

Ребята из Испании побывали в Москве на Всемирных играх юных соотечественников

Песков сообщил, что Путин 11 июня проведет встречу с главой МИД Турции Фиданом

Экология в России и мире

Уход за кожей летом: мнение эксперта

Адские цены на Сочи и Анапу заставили российских туристов найти новые пути экономии

Купаться надо уметь: правила, которые сохранят вам жизнь

Пошив костюма по индивидуальным размерам

Спорт в России и мире

Каспер Рууд: «Не буду выступать на турнирах перед «Уимблдоном», но на нем, конечно, сыграю»

Итальянский теннисист Янник Синнер впервые возглавил рейтинг ATP

Свёнтек сравнялась с Шараповой по победам на турнирах Большого шлема

Испанец Карлос Алькарас выиграл Открытый чемпионат Франции по теннису

Moscow.media

Торговые настольные электронные весы CAS PR-15P

Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70

«Школа вожатых» прошла в школе №7 в Реутове

Захарова: армянам - нота, апшеронцам – «да»











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Вооружённые мигранты пошли толпой на Кремль: "Свадебный подарок" может стать ключом к многолетней проблеме

Почти 40 тысяч жителей Подмосковья стали донорами крови с начала года

Тульская область получит более 18,4 миллионов рублей на обеспечение льготников лекарствами

Ребята из Испании побывали в Москве на Всемирных играх юных соотечественников