2025-жылга республикалык бюджеттин долбоору каралып жаткан парламенттик угууда депутат Айсулуу Мамашова каржы министри Алмаз Бакетаевге саламаттыкты сактоо тармагын, өзгөчө онкологиялык оорулууларды дарылоону каржылоону көбөйтүү өтүнүчү менен кайрылды.