Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) Регионалдык антитеррордук түзүмдүн аткаруу комитетинин директорлугуна КР Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеевдин талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда Астанада өтүп жаткан ШКУ саммитинин жыйынында билдирди.