Бишкектиктерди айыл-чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси күтөт
Ушул дем алыш күндөрү өкмөт, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана шаардык муниципалитет тарабынан уюштурулган салтка айланган айыл-чарба азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Дыйкандар эртең мененки саат 10:00дон тартып ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн азыктарын сунушташат. Шаардыктар үчүн жарманкелер төмөнкү даректерде иштейт: • Раззаков көчөсү, Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши; • № 12 кичи районундагы Нуркамал Жетикашаева жана А.Токомбаев атындагы көчөлөрдүн кесилишинде. • Т.Айтматов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.