Быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына көкбөрү жана көкпар (жер улак) да киргизилди. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Казыбек Молдажиев 15-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.
Маалымат боюнча, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 31-августта борбор калаада салынып жаткан “Бишкек арена” стадионунда өтүп, негизги оюндар 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө болот. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100гө жакын мамлекеттен үч миңдей спортчу катышат деп күтүлүүдө. Читать дальше...