Коррупционер-жемкор Токторалиева Розанын ушактары
КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго
КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке
АЧЫК КАТ
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Токторалиева Орозкан 2021 жылы Кызыл-Кыштак айылдык кеңешине депутат болгондон баштап, мыйзамсыз аракеттер жасап, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.
1. Токторалиева депутат катары элге үлгү болушу керек. Бирок, ал депутаттык этиканы одоно бузуп, жарандарга асылып, согуп, тилдеп, басмырлап, шылдындап, коркутуп, шантаждап, ушак тарткатып жүрөт.
2. Мен жаш наристемди бардык медициналык кароодон өткөрүп, “Ы. Ахмедалиева” атындагы балдар бакчасына берсем, О. Токторалиева балдар бакчасынын директору З. Абдукаримовага барып: “Козуубаеванын кызын эмнеге балдар бакчасына алдың? Ал кызы оорулу”-деп айтат. Ошондон кийин мен ооруп, жатып калам.
3. О. Токторалиева депутаттык этиканы сактабай, 3 февраль 2024 жылы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат кенсесине бастырып кирип, ал жерде: “Дилмурад Козубаеванын иштанына кирип алган”-деп күбөлөрдүн алдында менин атымды жаман аттүү кылып, ар-намысыма, кадыр-баркыма, абийириме, аялдык беделиме шек келтирип, көп балалуу үй-бүлөмдү бузуу максатында ушак сөздөрдү таркатып, мени жамандайт. Ал сөздөрдөн кийин, мен өзүмө келе албай, ооруп, давлением ашып, башым ооруп, жатып калып, өзүмө келе албай жатам.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 8-1 бер. ылайык Депутат өз ишинде моралдын жалпыга таанылган ченемдерин карманууга, өз беделин сактоого, башка депутаттардын, башка кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана беделин сыйлоого, тиешелүү жергиликтүү кеңешти, шайлоочуларды жана бүтүндөй мамлекетти жаманатты кылган аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан сактанууга тийиш. Депутаттык мандатты жеке максаттарда пайдаланууга жол берилбейт. Депутат өз ишинде Депутаттык этика кодексинин талаптарын карманат.
КР Конституциясынын 29 бер. 1, 4 бөл. ылайык Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна укуктуу. Ошондой эле укук ченемсиз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берилет.
КР Конституциясынын 24 бер. 1 бөл. ылайык Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде бардык адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылат. Эч ким тили, этностук таандыктыгы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эмес. Басмырлоого жол берген адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат. КР Конституциясынын 32 бер. 4 бөл. ылайык Басмырлоого, кастыкка чакырган улуттук жек көрүүчүлүктү жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөөгө тыюу салынат.
КР Жарандык Кодексинин 9 бер. 1 бөл. ылайык Жарандар тарабынан башка адамга зыян келтирүү ниетинде гана жүзөгө ашырылган аракеттерине, ошондой эле укукту кыянаттык менен башка түрдө пайдаланууга жол берилбейт. Бирок, Токторалиева башка жарандардын укугун тебелеп, алардын абийирине, ар-намысына, кадыр-баркына жана аялдык беделине шек келтирген чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркаткан.
КР ЖК 11 бер. 1, 3, 8, 10 бөл. ылайык Жарандык укуктарды коргоо: укукту таануу, укукту бузган же аны бузууга коркунуч түзгөн аракеттерге бөгөт коюу, зыяндардын ордун толтуруу, моралдык зыянды компенсациялоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
КР ЖК 14 бер. 1 бөл. ылайык Эгерде мыйзамда же мыйзамга ылайык келишимде башкача каралбаса, укугу бузулган адам өзүнө келтирилген зыяндардын ордун толтурууну талап кыла алат.
КР ЖК 16 бер. ылайык Эгерде жаранга анын жеке мүлктүк эмес укуктарын бузуучу же болбосо жаранга таандык болгон материалдык эмес байлыктарга зыян келтирүүчү же болбосо жеке мүлктүк эмес укуктарын бузуучу аракеттер менен моралдык зыян (денесине зыян келтирүү же көңүлүн оорутуу) келтирилсе, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда, укук бузуучуга аталган зыяндын ордун акчалай компенсациялоо милдети жүктөлөт.
КР ЖК 18 бер. 1, 2, 5 бөл. ылайык Жаран өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууга укуктуу. Өзүнө карата ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар жайылтылган жаран мындай маалыматтарды төгүндөө менен катар алардын жайылтылышынан улам келтирилген зыяндардын жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
КР ЖК 50 бер. 1 бөл. ылайык Жаранга таандык болгон төмөндөгү материалдык эмес баалуулуктар: өмүрү жана ден соолугу, жеке кадыр-баркы, жеке кол тийбестиги, ар-намысы жана асылдуулугу, ишкердүү бедели, жеке турмушуна кол тийбестиги башка материалдык эмес баалуулуктар мына ушул материалдык эмес баалуулуктардын маңызына ылайык ушул Кодексте каралган жарандык укуктарды коргоонун ыкмалары пайдаланылышы мүмкүн болгон учурларда мыйзамдар тарабынан корголот.
КР ЖК 1027 бер. 1,2 бер. ылайык Моралдык зыяндын орду аны келтирген кишинин күнөөсү бар болсо, аны келтирген жак тарабынан толтурулат. Моралдык зыяндын орду адамдын ар-намысын, абийирин жана ишкердик беделин түшүрүүчү маалыматтарды таркатуу менен зыян келтиргенде, аны келтирген жактын күнөөсү бар же жок экендигине карабастан толтурулат.
КР ЖК 1028 бер. 1,2,3 бөл. ылайык Моралдык зыяндын орду акчалай толтурулат. Моралдык зыяндын орду мүлктүк зыяндын ордун толтурууга тийиш экендигине карабастан толтурулат.
Жогоркулардын негизинде Сизден суранам:
1. Ушакчы О. Токторалиеваны жоопкерчиликке тартып берүүнуздү.
2. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинде этика жана мандат комиссиясын түзүп берүүнүздү.
3. Депутаттык этиканы одоно бузуп, мандатынан жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, жарандардын ар-намысына, кадыр-баркына, беделине шек келтирген, мыйзамсыз аракеттенген Токторалиеваны депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча айылдык кеңешинин этика жана мандат комиссиясында жана сессияда каралып, Токторалиеваны айылдык кеңешинин депутаты мандатынан ажыратуу жөнүндөгү чечимин Кара-Суу райондук АШК аткаруу үчүн жиберуунузду
4. Жемкор Токторалиеваны Кызыл-Кыштак айыл өкмөттүн социалдык комиссиясы мүчөлүгүнөн чыгаруунузду, Аялдар кеңешинен чететттип берүүнүздү.
Карапайым айыл аймагынын элинен, 13.02.2024 жыл