Депутат реформадан кийин 50 миңдей адамды он чакты кызматкер тейлеп жатканын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Азиз Турсунбаев Кыргызстанда соңку административдик-аймактык реформада айыл аймактар ирилешкени менен аларды тейлеген айыл өкмөттөрдүн кызматкерлеринин штаттык бирдиги аз болуп түзүлүп калганын билдирди. Эл өкүлү бул маселени 21-январда парламенттин жыйынындагы ар кандай маселелер бөлүгүндө көтөрдү. “Мисалы, Ала-Бука районунун Ала-Бука, Өрүктү, Балтагул айыл аймактары бириктирилип, Ала-Бука айыл аймагы деп аталып калган. Кошулгандан кийин айыл аймакта калктын саны 53 миңден ашыптыр. Читать дальше...