Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек мэриясынын карамагындагы 100 троллейбусту Ош шаарына берүү тууралуу токтомго кол койду. Өкмөт башчы 6-декабрда кол койгон документ “Эркин-Тоо” мамлекеттик гезитинин 13-декабрдагы санына жарыяланды.
Бишкек мэриясы 2024-жылдын июнь айында борбордо эл ташыган 100 троллейбусту Ош шаарына акысыз берүүнү сунуштап, тиешелүү документти Бишкек шаардык кеңешине киргизген.
Расмий маалыматка ылайык, Ошко бериле турган троллейбустар 2001-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилде пайдаланууга берилген. Мэрия айрым троллейбустардын иштөө мөөнөтү 15 жылдан ашканын, троллейбустардын орточо эксплуатациялоо мөөнөтү 20 жылдан ашпашы керек экенин билдирген.
Бир катар көчөлөрдө каттап келген троллейбустар каттамы 4-ноябрь күнү Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саммитине байланыштуу убактылуу токтотулганы кабарланып, кайра жанданган эмес. Мэрия муну шаардагы эки троллейбус ДЕПОсунда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатканы менен түшүндүргөн. Маалыматка ылайык, ДЕПОлордо Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен электрбустарды кубаттоочу бекеттер орнотулууда.
Буга чейин Бишкекте күн сайын 115-125 троллейбус каттамга чыгып турчу.
Бишкек мэриясы 2025-жылдын экинчи кварталында Бишкекке 120 электробус алынып келери, ушундан улам троллейбустар Ошко берилген күндө да борбордо жүргүнчүлөрдү ташууда маселе жаралбай турганын кабарлаган.
Эко-активисттер Бишкектеги троллейбустарды электрбустарга алмаштырууга каршы чыгышкан. Алар троллейбустар экологиялык коомдук транспорт экенин айтып келишет. (BTo)