Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Ысык-Көл облусунун аймагында “Асман” экологиялык таза шаарын куруу боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
Ал 13-декабрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынынында сүйлөп жатып, Финансы министрлиги ал инвесторлор менен жакында эле меморандумга кол койгонун айтты.
Кыргызстандын бийлиги Ысык-Көлдүн жээгине экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар куруу дымагын 2021-жылы жай айында билдирген. Ошол эле жылы күздө өкмөт “Асман” шаарын куруу мамлекеттик дирекциясын түзгөн. 2023-жылы мартта жаңы калаанын курулушун көзөмөлдөө милдети Президенттин иш башкармалыгына өткөн.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 30-июнда бул шаарды курууну баштоо аземине катышкан. Капсула салынгандан кийин курулуш токтоп калган.
Президент быйыл 25-майда Балыкчы шаарындагы сапарында “Асман” шаарын курууга катышууну каалаган инвесторлордун сунушу менен долбоорго өзгөртүү киргизилип, экологиялык кызыкчылыктарга басым жасалганын, ушундан улам долбоордун мөөнөтү узарып кеткенин билдирген.
Экономика министрлигинин маалыматына караганда, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Буга чейин аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, “Асман” шаары 500 миң кишиге ылайыкталат. (BTo)