Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эсептейт. Спикер бул тууралуу парламенттин 11-декабрдагы жыйынында айтып, буга ЖКда журналисттер жыйын болуп жатканына карабай депутаттарды чакырып суроо бергенин мисал кылды.
“Парламентаризмдин бешиги делген Улуу Британиянын парламентинде журналисттер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү отурган жерди тосуп коюшкан. Алар депутаттарды чакырып суроо бере алышпайт. Депутаттар башка жол менен чыгып кетишет. Мына ошондой өлкө бизге баа берип атат (ред: сөз эркиндиги боюнча). Бизде каалагандай чакырып суроо берип атат”, - деди спикер.
Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.
Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечими жок эле медианын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.
Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен.
Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган. Калган жети журналисттин аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.
11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылып, алар коюлган кинени четке кагышкан.
Социалдык тармактарда өзүнүн пикирин жазганы үчүн соттолуп же кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылгандар же тергөө абагында отургандар да бар. Коррупцияга каршы бир катар иликтөөлөрү менен таанылган “Клооп Медиа” коомдук фонду сот чечими менен жабылган. (BTo)