Социал-демократтар партиясынын лидери, дээрлик бир ай тергөө абагында отурган Темирлан Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков кайрылуу жасады. Фейсбуктагы постунда ал 26 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан уулунун үстүнөн саясий негизде иш козголгон деп эсептерин айтты.
“Мен уулум кармалды деп эсептебейм, анын талапкер макамы мыйзамсыз түрдө бузулуп, ал уурдалган. Аны бир сутка бою бизден жана адвокаттардан жашырышты, ошол макамынан ажырагандан кийин гана чыгарышты. 13-ноябрдын түнүндө эле уулум укук коргоо органдарына анын кармалышы эмес, адам уурдоо болгонун айтып кайрылган. Бирок прокуратура формалдуу жоопторду гана берип жатат», - деп айтылат кайрылууда.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн ардагери Медетбек Султанбеков ага саясат эмес баласынын «өмүрү жана ден соолугу керек» экенин белгиледи.
Ал 16-ноябрда президентке жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына видео кайрылуу жасаганын, бирок жооп ала албаганын эске салды. Кийин УКМК төрагасына «уулунун ачкачылыгын токтотуу үчүн жеке жолугуу өтүнүчү менен кат жүзүндө кайрылганын, анда да жооп ала албаганын" кошумчалады.
Медетбек Сутанбеков уулу экөө тең СИЗОнун кызматкерлерине жана дарыгерлерине ишенбей турганын айтты. Муну буга чейин «алар тергөө абагында Марат Казакбаев менен Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүнө жол беришкен» деп түшүндүрдү.
Кыргыз бийлиги Медетбек Султанбековдун кайрылуусуна байланыштуу комментарий жасай элек.
10-декабрда Жаза аткаруу кызматы Темирлан Султанбеков 7-декабрда комплекстүү медициналык текшерүүдөн жазуу жүзүндө баш тартканын билдирди. Мекеме ал тамак-аш ичпей, ачкачылык кармоо ден соолугуна зыян экени тууралуу эскертүүлөргө көңүл бурбай жатканын кошумчалады.
Адвокаттар Темирлан Султанбеков суу жана күнүнө 100 граммдай шире (сок) эле ичип жатканын билдирүүдө.
Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди эки айга камаган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.
Шектүүлөргө Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча иш козгогон. Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.