Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 6-башкармалыкта мыйзамсыз иштерге аралашкан 2-3 кызматкеринин ишин иликтөөнү тапшырганын, жакында алардын аты-жөнү ачыкка чыгарын билдирди. Ташиев бул тууралуу УКМКнын Бишкектеги Биринчи май райондук башкармалыгынын жаңы кеңсесин ачып жатып айтты.
Ал коопсуздук кызматкерлеринин арасында мекенге, ишине берилип, ак кызмат кылгандар менен кошо эле, кол учунан, мыйзамсыз иштерге аралашып иштеген кызматкерлер да бар экенин айтты.
"Улуттук коопсуздук кызматы бул мамлекет таянган, мамлекет ишенген чоң орган. Ошондуктан, биз өз милдеттерибизди так жана ийгиликтүү иштөөгө аракет кылышыбыз керек. Тапшырма берилген учурда мамлекеттин кызыкчылыгын артка жылдырып, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеген кызматкерлер бар. Азыр менин тапшырмам менен 6-башкармалыктын 2-3 кызматкеринин артынан иликтөө жүрүп жатат, Жакында ачыкка чыгат. Бүгүнкү, кечээки, мурунку кылган мыйзамсыз иштериңер тез эле билинет", - деген Камчыбек Ташиев кыйынчылык абал башына түшкөн кызматкерлерди өзүнө ачык кайрылыша аларын эскертти.
Ташиев мамлекет Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери үчүн бардык шарттарды түзүп берип жатканын белгилеп, элге ак кызмат өтөөгө чакырды.
28-ноябрда УКМКнын Бишкектеги Свердлов жана Биринчи май райондук башкармалыктарынын жаңы имараттары ачылды.
Азыркы бийликтин тушунда коопсуздук кызматынын бир катар аймактык башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн жаңы имараттары салынып, мурдагылары оңдолуп-түздөлдү, материалдык-техникалык базалары кыйла жакшырды жана кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Бирок ага канча каражат кеткени, акча кайдан алынганы тууралуу маалыматтар берилбейт. (ZKo)