Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде 107-орунга түштү (210 кураманын ичинен). 28-ноябрда жарыяланган рейтингдин көч башында Аргентина, Франция жана Испания турат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстандын курамасы 58-орунга, Тажикстан 104-орунга илинди. Казакстан 110-орунга жазылып, дагы үч тепкичке артке кетти.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундунун алтынчы турунда 19-ноябрда Бишкекте Иран курамасы менен беттешип, 2:3 эсебинде утулган.
Кыргызстан футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Азия чөлкөмүнөн 3-раундга чыгып, Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Түндүк Корея менен А тайпасында ойноп жатат.
Иран курамасы А тайпасындагы буга чейинки төрт беттешин утуп, Өзбекстан менен тең чыккан. Азыр 16 упайы менен тайпанын сап башында келатат.
Экинчи орунда 13 упай топтогон Өзбекстан келе жатат. Бириккен Араб Эмираттары 10 упай менен үчүнчү орунга жазылса, жети упай алган Катар төртүнчү орунда турат. Кыргызстан үч упай менен 5-катарда. Эки упайы бар Түндүк Корея акыркы орунда.
2026-жылы АКШ, Мексика жана Канадада өтө турган Дүйнө чемпионатына биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул жолу Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына катышууга сегиз командага мүмкүнчүлүк берилген.
3-раунддагы тандоо оюндарына Азия чөлкөмүнөн 18 курама алтыдан үч тайпага бөлүндү. Оюндар үйдө жана конокто өтүп, тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар түз эле Дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген алты команда төртүнчү баскычта ич ара эки тайпага бөлүнүп ойноп, уткан эки команда чемпионатка жолдомо алат.
5-сентябрда башталган 3-раунддагы тандоо оюндары, 2025-жылдын июнь айында аяктайт. 4-5-раунддагы тандоо оюндары 2025-жылдын ноябрь айына чейин созулат. (BTo)