29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга эркиндигинен ажыратылган Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаковдун үйүн тинтүүгө алууда.
“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына ал кармалганын да жазды.
УКМК бул тууралуу расмий комментарий бере элек. Адвокат менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Ушул эле күнү укук коргоочу Азиза Абдирасулова Имамидин Ташовдун 26-ноябрда абактан жазган катын Фейсбукка чыгарган. Катта ишкер анын укугун коргоп жаткан адвокаттарга басым-кысым болуп жатканын билдирип, башкы прокурорго, акыйкатчыга, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылган.
Самат Матцаков Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда алты жылга абакка кескен Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, беш жыл эркиндигинен ажыратылган “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун жактоочусу. Үч жылдык пробациялык жаза чегерилген журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекееванын да укугун коргойт.
KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат. Ал кыйноого кабылганы тууралуу абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган.
Атайын кызмат Имамидин Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.
Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов Аскат Жетигендин иши боюнча 1-июлда чечим чыгарган. Судья аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен “күнөөлүү” деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган. (BTo)