Кыргызстандын Министрлер кабинетинин буйругу менен "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюмунан белекке берилген 100 автобус алыскы аймактардагы мектептерге таратылды.
Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, автобустар бүгүндөн тартып, мектептерге окуучуларды ташый баштады. Транспорт жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүлүп берилген.
Мектеп окуучулары үчүн автобустар алыскы айылдардагы окуучуларды мектепке жеткирүү максатында алынган. Демилгечилер шарты катаал, мектепке жетүүгө жолу татаал алыскы аймактарда жашаган балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн кыйла жакшыртарын айтышкан.
"Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюмунун баш кеңсеси Орусияда жайгашкан. Уюмдун төрайымы - Мамлекеттик думанын депутаты Алена Аршинова.
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму менен бир канча долбоорлорду ишке ашырууда кызматташып келет.
Ушул тапта өлкөдө 2 377 мектеп бар, анын ичинен 2 173ү мамлекеттик, 204ү жеке менчик мектептер. Анда баш-аягы 1 миллион 491 миң бала билим алат. (ZKo)