Литвада жүк ташыган учак кырсыкка кабылып, кеминде бир адамдын өмүрү кыйылды. Учак 25-ноябрда эртең менен борбор калаа Вильнюстун аэропортуна конор алдында кыйраганын жергиликтүү бийлик билдирди.
DHL компаниясына таандык учак эки кабаттуу турак үйдүн жанына түшкөнү, ал жерде өрт чыкканы, учак ичиндеги төрт кишинин баары тең, анын арасында эки учкуч да табылганы, учкучтардын бири каза болгону кабарланды.
Окуя болгон жердеги тургундар эвакуацияланды. Вильнюс аэропортунун иши кайрадан кадимки тартипте уланды.
Литванын Кризистик башкаруу боюнча улуттук борборунун башчысы Вилмантас Виткаускас Boeing учагынын кыйрашын кырсык деп атады жана анын себеби иликтенип жатканын айтты.
Би-Би-Си Delfi басылмасына таянып жазгандай, полиция кызматкерлери бул теракт болушу ыктымалдыгы тууралуу суроого андай версияны да изилдеп чыгышарын айтып жооп берди.
Орусия трансатлантикалык каттамга чыккан учактарды жардырышы ыктымал экенин, DHL компаниясы Германиянын жана Улуу Британиянын аймагында кабылган окуялар алгачкы диверсия болгонун буга чейин WSJ басылмасы жазган.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков андай ыктымалдыкты четке кагып, "түшүнүксүз маалымат таратып жатышканын" билдирген. (RK)