Өзбекстанда 2024-жылдын январь-октябрь айларында Административдик жоопкерчилик кодексинин “Жалган жалаа жабуу” жана “Мазактоо” беренелери боюнча 30 миңден ашуун адам жоопкерчиликке тартылаган. Мындай маалыматты өлкөнүн Жогорку сотунун маалымат катчысы Азиз Обидов 19-ноябрь күнү Телеграмдагы баракчасына жазды.
Анын ичинен жалган жалаа жабуу боюнча 2 423 киши, ал эми мазактоо боюнча 27 928 киши жоопкерчиликке тартылган. Жогорку соттун өкүлүнүн маалыматы боюнча, алардын баарына айып пул түрүндө жаза чегерилген.
“Азаттыктын” өзбек кызматы жазган маалыматка ылайык, он айда дагы 572 киши Кылмыш кодексинин “Жалган жалаа жабуу” жана “Мазактоо” беренелери менен соттолушкан. 121 киши кодекстин 139-беренеси (“Жалган жалаа жабуу”) менен соттолсо, анын ичинен 11 кишиге айыппул салынган, 14 киши түзөтүү жумуштарына жөнөтүлгөн, 92 киши эркиндигинен ажыратылган. Шарттуу мөөнөт менен жазалоо өкүмүнө 4 киши тартылган.
Ал эми “Мазактоо” беренеси менен он айда 451 киши соттолгон. Анын ичинен 92сине айып пул салынган, 242 киши түзөтүү жумуштарына жөнөтүлгөн, 4 киши милдеттүү коомдук жумуштарга чегерилген жана 110 киши эркиндигинен ажыратылган. Дагы 3 киши шарттуу мөөнөт алган.
Өзбекстандын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинде да, Кылмыш кодексинде да “жалган жалаа жабуу” жана “мазактоо” үчүн жазалоо каралган. Эгерде мындай укук бузуу административдик чара колдонгондон кийин же интернетте жасалса, анда кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз болот.
Укук коргоочулар Өзбекстанда бул эки берене боюнча токулма айыптоолор жергиликтүү бийликтин дарегине айткан кескин сындары үчүн көбүнчө блогерлерге тагыларын айтышат. (KbA)