Синоптик Позднякова: Последний день марта в Москве может стать рекордно теплым

Участников проекта «Другое Дело» наградили в Мосстройинформе

Дочь Анны Седоковой рассказала про свои отношения с супругом матери

Полицией Москвы задержаны трое подозреваемых в краже иномарки стоимостью 1 млн рублей



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкектин жаш мугалимдери

Бишкектин жаш мугалимдери

Кыргызстандагы 2333 мектепте 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Аларга жалпы 82 миңге чукул мугалим билим берет. 

Ушул жылдын апрель айында Кыргызстанда мугалимдердин маянасы 50-80% көтөрүлдү. Өкмөт мындан кийин алардын айлыгы ар жыл сайын 20% өсүп турарын убадалаган. Мындан улам мектептерде жаш адистердин саны көбөйгөнү байкалат. Мисалы, быйылкы окуу жылында Бишкектеги мектептерге 542 жаш мугалим жумушка кирген.

Кыргызстанда октябрдын биринчи жумасында мугалимдер күнү белгиленет. Бул датага байланыштуу "Азаттык" мугалимдик кесипти жаңыдан аркалап жаткан жаш адистер тууралуу сүрөт баян даярдады.

Даткайым Аманова 22 жашта. Ал Бишкектеги №70 мектеп-гимназиясында башталгыч класстын окуучуларына сабак берет.

Даткайымдын Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, мугалим болуп иштеп баштаганына эки жыл болду.

"Башында башка кесиптин ээси болууну кыялданган элем. Бирок университетте окуп жүргөндө мектептерге практикалык иш менен барып балдар менен иштеп жүрүп, мугалимдик менин кесибим экенин түшүндүм. Азыр ар түрдүү семинар, иш-чараларга катышып, тажрыйбамды жогорулатуунун үстүндөмүн. Билимдүү, тажрыйбалуу мугалим болгум келет".

Бишкектеги жаш мугалимдердин дагы бири - Калыс Аликпаров 24 жашта. Ал быйыл эле Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган. Кесиби боюнча машыктыруучу.

Калыстын Бишкектеги №47 орто мектебинде дене тарбия мугалими болуп иштеп жатканына бир ай болду.

"Мугалимдердин айылыгы көтөрүлдү дегенинен мектепке жумушка орноштум. Биринчи маянамды бир жума мурун алдым. Азырынча баары жакшы. Башкысы мугалим болгондо балдар менен иштегенди, алардын тилин тапканды билиш керек экен. Бир орунда турбай, өзүңдү дайыма өнүктүрүп турууу зарыл. Мугалимдик кесип дүйнөдөгү престиждүү кесиптердин бири деп айта алам. Анткени сен бир эмес, бир нече баланын адам болуп калыптанышына күбө болосун, ага салым да кошосуң, - дейт Калыс Алиакбаров.

27 жаштагы Азиза Темиркулова Бишкектеги №31 мектеп-гимназиясында кыргыз тилинен сабак берет. Ал 2021-жылы Бишкек шаарынын "Жүрөгүмдү балдарга арнайм" сынагында "Жылдын мыкты мугалими" наамын жеңип алган.

"Азыркы балдар заманбап техналогиялар өнүккөн доордо жашап жатышат. Аларды мурункудай китеп менен эле окутуу мүмкүн болбой калды. Аларды жаңы технологияларды колдонуп окутканга аракет кылып жатам. Андан сырткары шаар жеринде балдар көбүнчө орус тилинде сүйлөшөт. Айрымдары кээ бир сөздөрдүн кыргызча аталышын билбей, орусча айтышат. Биз өзүбүз кыргыз болуп, Кыргызстанда жашагандан кийин ар бирибиз кыргыз тилин сүйүп, кыргыз тилде сүйлөөгө милдеттүүбүз. Балдарды да ошого тарбиялашыбыз керек, - дейт Азиза Темиркулова.

Айжаркын Турганбаева 22 жашта. Кесиби боюнча лингист-котормочу. Анын Бишкектеги №24 орто мектепте англис тилинен сабак бере баштаганына бир ай болду.

"Окууну бүткөндөн кийин жумуш издеп бул мектепке келдим. Котормочу болуп деле иштесем болот. Бирок мага азыр мугалим болуп иштеген кызыктуу. Башында бир аз кыйналдым. Азыр көнүп калдым. Балдарга сабак берген абдан сонун, алар бат эле үйрөнүп жатышат, - дейт жаш мугалим.

 

Атыркүл Муратбек кызы Бишкектеги №54 орто мектепте башталгыч класска сабак берет. 27 жаштагы мугалим класста окуучулардын көп экенин, мындай жагдай алардын ар бирине өзүнчө мамиле кылууга тоскоол болорун айтты.

"Бир жыл мурун мен 21 саат иштеп, 7500 сом айлык алат элем. Азыр бир класс менен иштеп жатам. Айлыгым эки эсе көбөйдү. Биздин мектепте балдардын саны көп болуп, класс жетишпей бир аз кыйылып жатабыз. Бир партада үчтөн окуучу отуруп окуганга туура келет. Мындай учурда мугалимдер көбүрөөк кыйналабыз. Анткени ар бир балага көңүл бөлгөнгө жетишпейбиз. Класстар көп болсо, ар бир бала жетиштүү билим алат эле деп ойлойм. Баткендеги чыр-чатактан кийин бизге азыр ал жактан келген балдар да окуп жатышат. Биз аларга да татыктуу билим берүүгө чын дилден аракет кылабыз, - деди Атыркүл сабагын жыйынтыктап жатып.

Канышай Убарикова бир жылдан бери Бишкекеги №47 орто мектепте 1-класска сабак берет.

"Мурун айлык аз деп көпчүлүк мугалим болгусу келчү эмес. Акыркы бир жылда айлык көтөрүлүп, көп эле жаштар мектептерге жумушка орношуп жатышат. Мугалимдик кесип түйшүктүү. Мугалим биринчи кезекте ата-эне менен мамиле түзүшү керек. Ошондо балага мектептен да, үйдөн да колдоо болуп жакшы окуп кете алат", - дейт 32 жаштагы мугалим.

Алина Токторова, 30 жашта.

Бул сүрөттөгү мугалим - борбор калаанын №31 мектеп-гимназиясында жаңы иштей баштаган Алина Токторова. Ал англис тилинен сабак берет.

30 жаштагы мугалим Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университенинин чет тилдер факультетин бүтүргөн.

"Мугалим болуп иштеп жатканыма аз эле болду. Мага абдан жагып жатат. Бул менин биринчи жумушум. Маянасы аз болсо да, көп болсо да мугалим болуп иштегим келет. Мугалим болуу менин бала кездеги кыялым. Ал кыялым ишке ашканына аябай кубанып турам", - деди Алина.

Алина Рахатбекова, 22 жашта.

Алина Рахатбекова 19 жашынан баштап мугалимдик кесипти аркалап келет. Азыр ал Бишкектеги №70 мектеп-гимназиясында башталгыч класска сабак берет.

- Университетте 3-круста окуп жатканда эле Бишкектеги жеке менчик мектепте практикадан өтүп, кийин ошол эле жерге мугалим болуп жумушка орношком. Ал жакта окуумду бүткөнчө иштедим. Дипломумду колума алып, дароо эле бул мектепке келдим, - дейт жаш мугалим.

"Балдардын бир нерсени үйрөнүп, тамга таанып, эсеп-чыгарып, адам катары калыптанып жатканы мага аябай кубаныч тартуулайт. Балдарды аябай жакшы көрөм. Жумушумдан кадимкидей ырахат алам. Сүйгөн кесибиң менен иштеп жатканда, качан акча алаарын маанилүү эмес да", - дейт, Алина.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Ru24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Ru24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Ru24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

РКК начал оказывать помощь пострадавшим при теракте в «Крокусе»

Шатурская производственная база получила 2 новых автобуса

Виталий Минаков объяснил причины возвращения в спорт

Более 30 учащихся Королева прошли в финал всероссийской олимпиады школьников

Музыкальные новости

Самые популярные туристические маршруты России: на автомобиле

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Эксперты КА «Главный Советник» приняли участие в форуме «Тренды и антитренды корпоративного видео сегодня»

Путин назвал культуру духовным каркасом народа в трагические для страны моменты

Новости России

Свыше 150 педагогов Подольска получили компенсации за аренду квартиры

Представители администрации Химок проведут встречу с жителями 4 апреля

Суд отклонил жалобу Марины Овсянниковой на приговор по делу о фейках о ВС РФ

Автомобилистам Подмосковья рекомендуют сменить зимнюю резину на летнюю

Экология в России и мире

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Шура: «Петь я начал сразу, как родился!»

На Сейшелы к новорожденным черепахам

Крупный российских туроператор сделал заявление о турах в Таиланд на лето-2024

Спорт в России и мире

Азаренко вышла в полуфинал турнира WTA-1000 в Майами

Теннисист Медведев вышел в полуфинал турнира в Майами, обыграв Харри

Виктория Азаренко вышла в полуфинал турнира WTA-1000 в Майами

Теннисистка Касаткина отреагировала на высказывания Винер о россиянах

Moscow.media

В Петербурге перекрыли канал нелегальной миграции

 В Ставрополе проведена очередная проверка о соблюдении гражданами, получившими гражданство России, требований действующего законодательства по воинскому учету

BelkaCar запускает уникальный партнерский сервис корпоративного каршеринга в Набережных Челнах

Российская компания ЭНКОСТ выходит на рынок Казахстана











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Будет введено ограничение движения на участке дороги федерального значения М-5 «Урал»

Калининградского журналиста Михаила Фельдмана приговорили к двум годам колонии за публикацию и репост в соцсетях

Первый автомобиль Xiaomi XU7 в России будет стоить от 7,1 млн рублей

Открыт новый путепровод через МЦД-3 рядом с аэропортом Шереметьево