Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров New York Times гезитине маек куруп, мобилизациядан улам Кыргызстанга качкан орусиялыктар экстрадициядан коркпой эле койсо болорун айтты. Ал Кыргызстан үчүн бул "жаңы көрүнүш" экенин, Орусиянын жарандары "бул жакка келип, ээн-эркин иштей ала турганын" айткан.
Ал мобилизация жарыялангандан кийин Кыргызстанга качып келген орусиялыктардын саны тууралуу маалыматы жок экенин белгилеген.
"Биз мындан эч кандай зыян эмес, пайда көрүп жатабыз", - деди президент.
21-сентябрда жарыяланган мобилизацияга байланыштуу жүздөгөн орусиялыктар, негизинен эркектер жапырт өлкөдөн чыгып кетип жатышат. Мунун жыйынтыгында башка мамлекеттерге, негизинен Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстанга агылгандар көбөйдү.
Буга чейин санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдар Мамбетов сентябрь айында Кыргызстанда 20 миң орусиялык жаран расмий катталганын билдирген.
Мындан улам өткөн аптада авиабилеттердин, батирлердин ижара акысы көтөрүлүп, Бишкек шаарындагы мейманканаларда бош орун дээрлик калбай калды.
Орус жарандарынын көп келишине байланыштуу батирлердин ижара акысы кескин көтөрүлүп кеткен. Ижарада жашаган жергиликтүү бир топ тургундар арасында батир ээлери чыгарып салганын айткандар болгон. (КЕ)