Кыргызстандагы "Гуров жана өнөктөштөр-Борбор Азия" PR агенттиги "Санариптик байланыш" багытында "RuPoR" сыйлыгынын баш байгесин утуп алды. Ошондой эле компания "Байланыш жаатындагы билим берүү долбоорлору" номинациясы боюнча үчүнчү орунга татыктуу болду.
Лауреаттар 23-январда Орусиянын Воронеж шаарында сыйланды.
Сыйлык жыл сайын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге, командаларга, коомчулук менен байланышты өнүктүрүү жаатындагы адистерге ачык сынактын жыйынтыгы боюнча берилип келет.
Жалпысынан 2020-жылы сыйлыкка 80 долбоор жиберилген. Финалга 52 долбоор чыккан.
"Гуров жана өнөктөштөр-Борбор Азия" PR агенттигинин башкы директору Кайрат Телеушевдун айтымында, уюм Орусиянын, Батыш Европанын жана АКШнын тажрыйбасын колдонуп иштейт.