АКШнын Калифорния штатынын түндүк аймактарын каптаган өрт соңку бир суткада үч кишинин өмүрүн алды. Тилсиз жоо миңдеген гектар аянтты каптап, ондогон турак жай, жүзүм чарбалары кыйрады. Бийлик миңдеген тургундарды коопсуз жактарга чыгып кетүүгө чакырды. Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом 28-сентябрда үч аймакка өзгөчө абал режимин киргизди.
15-августтан бери штаттагы токойлорду каптаган тилсиз жоо жалпысынан 26 адамдын өмүрүн алды, жети миңден ашуун турак жай кыйрады.
Окумуштуулар быйылкы өрттүн катуу жайылышынын себебин климаттын өзгөрүшүнөн көрүп жатышат. Штаттын жетекчилиги билдиргендей, тилсиз жоо менен миңден ашуун өрт өчүрүүчү күрөшүп жатат. Өрттөн улам Ыйык Елена аралындагы ооруканада жаткандар да коопсуз жайларга көчүрүлдү.