Түркиянын мамлекеттик кеңеши Стамбулдагы атактуу Айя-София музейи мечит катары ачыларын маалымдады. Проваслав чиркөөлөрүнүн өкүлдөрү түркиялык соттун бул чечимин сындашты.
Түркиянын "Тарыхый эстеликтер жана коомго кызмат" фонду үстүбүздөгү жылдын 2-июлунда өлкөнүн Министрлер кеңешине Айя-Софияны мечитке айландыруу өтүнүчү менен арыз жазган.
Министрлер кеңеши 10-июлдагы отурумунда тараптардын берген көрсөтмөлөрүнүн жыйынтыгы менен “Айя-София музейи мечит катары ачылсын” деген бүтүм чыгарган.
Мамлекеттик кеңеш 1934-жылы министрлер жыйынында кабыл алынган Айя-Софияны музейге айлантуу чечимин жокко чыгарганын жана мындан кийин Айя-София "Фатих Султан Мехмет Хан" фондунун менчигине өткөнүн кабарлады.
Түркиянын бул чечимине дүйнөлүк уюмдардан жооп кечиккен жок. Орусиялык ТАСС кабар агенттиги, oрус православ чиркөөсү Түркиянын Министрлер кеңешинин Айя-София боюнча чечиминде алардын өтүнүчү эске алынбаганын жана бул аларды өкүндүргөнүн маалымдады.
Грекиянын маданият министри Лина Мендони Стамбулдагы Айя-София музейинин мечитке айланышын заманбап дүйнөгө ачык чагым деп баалады.
"Бүгүнкү чыккан чечим президент Эрдогандын саясий эркинин натыйжасында чыккан чечим. Бул тарыхый эстеликтин уникалдуу баалуулугун жана мүнөзүн тааныган цивилизациялуу дүйнөгө ачык чагым", - деди Мендони.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түркия Айя-Софияны музей катары 100 жылга жакын башкарып келе жатканын эске салды.
"Түрк өкмөтүн диний каада-салттардын үлгүсү катары тарыхка урмат көрсөтүп, Айя-Софиянын музей статусун улантууга жана ал жерди баарына ачык кылууга чакырабыз", - деди Помпео.
Ал эми ЮНЕСКО уюму 9-июлда Айя-Софиянын статусундагы өзгөрүүлөр тууралуу алар алдын ала кабардар болушу керек экендигин билдирген.
"Биз түрк бийлигин чечим чыгаруудан мурун диалогго чакырабыз. Анткени Айя-София музей статусун жоготсо, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмеси өз баалуулугун жоготот", - деген билдирүү жасаган уюм.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Айя-София музейин мечитке айландыруу аракетине каршы чыккан айрым өлкөлөр Түркиянын "эгемендигине көз артып" жатканын айткан.
"Өлкөбүздү Айя-София үчүн айыптоону түздөн-түз эгемендигибизге кол салуу катары мүнөздөйм. Болбосо дүйнөнүн төрт тарабында мечиттерге байма-бай кол салуу болуп жатканын көрүп отурабыз. Миллиондогон жарандар туткан дини үчүн гана кысым көрүп жашап келет. Биз өлкөбүздөгү диний ишенимине карабай алардын укугун коргоп келебиз. Биз башка өлкөлөрдүн ибадатканаларына кийлигишкен жокпуз, алардын да биздин өлкөдөгү ибадатканаларга кийлигишкенге укугу жок. Түркия ар түрдүү диний ишенимдеги жарандарга ибадаты үчүн мүмкүнчүлүк түзгөн өлкө".
Ошондой эле президент Эрдоган Айя-Софияда биринчи намаз 24-июлда окула турганын кабарланды. Эрдоган башында турган түрк бийлиги дээрлик 15 кылымдык тарыхы бар архитектуралык жайды мечитке айландыруу демилгесин маал-маалы менен көтөрүп келген.
Түркиялык саясат таанучу жана укук коргоочу Желал Үлген Айя-София музейин мечитке айландыруу маселеси толугу менен саясий кадам экенин баса белгиледи.
"Күтүүсүздөн чыккан бир чечим эмес. Мындай чечим чыгарын билгенбиз. Анткени бул бир саясий чечим. Айя-София чечиминен мыйзамдуу эч бир аракет көргөн жокмун. Өкмөт тараптан кандай көрсөтмө келсе, ошол негизде чыккан чечим деп ойлойм".
Президент Эрдогандын "Твиттер" баракчасында 10-июлдан баштап "Айя-София мечит катары ибадат үчүн ачылсын" деген токтомго кол койгонун жазды.
1453-жылы Султан Мехмет II башында турган осмон түрктөрү Константинополду каратып алгандан кийин Айя-София мечитке айланган. Мурдагы чиркөөнүн төрт тарабына төрт мунара тургузулган. Осмон империясынын тушунда дээрлик беш кылым бою Айя-София мечити мусулмандар үчүн Меккедеги Каабадан кийинки эле экинчи ыйык жай болуп турган. Түрк Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк 1935-жылы мечитти музейге айландырган.
Христиандарга жана мусулмандарга таандык элементтер ушул күнгө чейин сакталып калган бул жай 1985-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Жыл сайын бул архитектуралык эстеликти көрүү үчүн миллиондогон туристтер Стамбулга келишет. Шаар бийлигинин маалыматына ылайык, 2019-жылы эле бул жайга 3,7 миллион зыяратчы келген.
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.