Өлкөдөгү кризистик кырдаалга байланыштуу мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү толбой жаткандыктан, сырттан келген каражаттын басымдуу бөлүгү аны толуктоого жумшалууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн, 10-июлда брифингде билдирди. Анын айтымында, эл аралык донорлордон келип түшкөн 321 млн. доллардын 170 млн. доллары бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын, пенсия, жөлөк пулун берүүгө жана дары-дармек сатып алууга жумшалды.
«Ал эми коронавирус менен күрөшүүдө 3,3 млн. доллар мамлекеттик материалдык резерв фондуна дан сатып алуу үчүн берилген. 1,3 млн. доллар өзгөчө кырдаал учурунда жакыр жашагандар үчүн азык-түлүк жардамын сатып алууга, 2,2 млн. доллар медициналык жабдууларды жана дары-дармектерди сатып алууга жумшалган».
Асрандиевдин айтымында, Дүйнөлүк банктын ERIK долбооруна ылайык, бардык тендерлер банктын көзөмөлү алдында жүргүзүлүп жатат. Вице-премьер-министр мындан тышкары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жана Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзгөн тендер, сатып алуу Эсеп палатасы жана башка көзөмөл органдарынын текшерүүсү алдында жүргүзүлөрүн, мыйзам бузулса чара көрүлөрүн эскертти.
Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 23-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. Өкмөт бул шартта мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 30,8 млрд. сомго азаярын маалымдаган.
Коронавируска каршы ыкчам штабдын сайтындагы маалыматка караганда, 10-июлга карата Саламаттык сактоо министрлигине элден 140 456 377 сом чогулган. Мунун ичинен 128,3 млн. сом сарпталган. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин фондуна элден 17 427 022 сом чогулуп, 16,1 млн. сом сарпталган.
Ал эми Бишкек шаар мэриясынын фондуна 9 696 326 сом чогулуп, 5,9 млн. сому сарпталган.
Жарандык активисттер акыркы учурларда ооруканаларда керектүү медициналык жабдуулар, дары-дармектер жетишсиздигине нааразы болуп, бийликтен сарпталган акча тууралуу так маалымат беришин талап кылып келатышат. Президент Сооронбай Жээнбеков да бул маселеге 9-июлда элге кайрылуусунда токтолуп, «акчаны максатсыз коромжу кылдырбай» турганын айткан. (ZKo)