Түштүк Кореяда 10-июлга караган түнү Сеулдун мэри Пак Вон Сундун сөөгү табылды. Ал 9-июлдан бери изделип жаткан. Андан мурда мэрди катчысы жыныстык ыдык көрсөткөн деп айыптап, полицияга арыз жазганын жергиликтүү «Рёнхап» маалымат агенттиги кабарлады.
Полиция Пак Вон Сун өз өмүрүнө кол салган болушу мүмкүн деп болжолдоп жатат. 10-июлда Сеул мэриясынын өкүлү Ко Хан Сюк мэр үстөлүнө калтырып кеткен деген катты окуду.
«Мен баарыңардан кечирим сурайм. Өмүрүмдө мени менен чогуу болгондорго ыраазымын. Үй-бүлөмдү жалаң азапка салганыма абдан өкүнөм. Өтүнүч, денемди өрттөп, күлүн ата-энемдин мүрзөсүнө чачкыла. Кош болгула», деп жазылган анда.
Пак Вон Сун 2011-жылдын октябрында Сеул шаар башчылыгына келген. 2018-жылы үчүнчү ирет кайра шайланган. Айрым талдоочулар аны 2022-жылкы президенттик шайлоодо талапкер болот деп да болжолдоп жатышкан.