Беткап жана мээлей кийген сингапурлуктар 10-июлда кезектеги парламентин шайлоого киришти. Жүздөрүн коргоочу айнектер менен жапкан шайлоо комиссиясындагылар добушканага келгендердин дене табын текшерип, аралыкты сактоону өтүнүп жатышат.
Эртең мененки сааттарда улгайган жарандардын добуш беришине артыкчылык берилди. Ал эми үйүндө карантинге алынгандар жана COVID-19 илдетинен дарыланып жаткандар добуш берүүгө катыштырылган жок.
Алты миллионго жакын калкы бар түштүк-чыгыш Азиядагы Сингапур коронавируска каршы натыйжалуу күрөшкөн өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Коронавирус жукканы аныкталган 45 миңден ашуун адамдын 26сы гана көз жумган. Учурда ооруп аткан төрт миңдей адамдын бирөө гана оор абалда деп көрсөтүлүүдө.
Бул шайлоодо да 1965-жылдан бери бийликте турган «Элдик аракет» партиясы жеңери күтүлүүдө. Андай болсо шаар-өлкөнү түптөп, башкарган жана өнүктүргөн Ли Куан Юнун уулу Ли Сянлун премьер-министрлик кызматын сактап кала алат.